Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4
өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү
тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбор калаадагы Фрунзе көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыгып, жалпы аянты 7 чарчы метр отундар жыйылган жайдын чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыз мамиле себеп болгон. Ошондой эле Бөкөнбаев-Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде темир устундуу, аянты 8 чарчы метрди түзгөн гезит-журналдарды сатуучу дүкөнчө күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын
куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.