12-февралда саат 19:00дө Бишкек шаарынын 44 жаштагы П.И. аттуу тургунун белгисиз адам бычак менен коркутуп, телефон жана саатын тартып алган. Бул иш боюнча шектүү катары Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөөнүн негизинде 40 жаштагы К.И. аттуу жаранды кармашты. Учурда бул аракет боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы билдирилди.
Бул күнү саат 13:30да Бишкек шаарынын 20 жаштагы Бегайым К. аттуу тургунуна шаардагы Тоголок Молдо көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуу менен анын 3 телефонун тартып алган. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан 47 жаштагы Д.Кубанычбек уурулук ишине шектүү катары кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирет Бишкек ШИИБи.