Кызыл-Кыя шаарында экстремизмге шектелген 16 жарандын үйү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-март күнү милиция кызматкерлери тарабынан 16 жарандын үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында диний-экстремисттик маанайдагы китеп, дептер, баракчалар жана 4 ок атуучу курал, бычактар табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.