Баткенде эки жылдан бери издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын М.Абдукаримова аттуу тургуну “улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча айыпталып, 2013-жылы издөөгө алынган. Бул боюнча бир катар издөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.