Чүй облусуна караштуу Искра айылынын тургуну көчөдөн таап алган тапанчаны өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта милицияга 25 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал чет өлкөдө жасалган, белгисиз үлгүдөгү тапанчаны үйүнөн алыс эмес жерден таап алгандыгын билдирген. Адистердин айтымында, көчөдөн табылган тапанча травматикалык курал-жаракка кирет жана аны колдонууга болот. Учурда аталган тапанчанын ээсинин өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.