Борбор калаада мектеп окуучуларына "салык" салып жүргөн жашы жете элек эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен окуучулардын биринин ата-энеси кайрылган. Анда алар белгисиз эки окуучу баласын коркутуу жолу менен акыркы үлгүдөгү уюлдук телефонун жана акча каражаттарын алып кеткенин айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы эки бала кармалды.