Ырчы Гүлзада Рыскулова жана “Айкөл” тобу кытайлык кыргыздарга барып чыгармачылыгын тартуулашты

Кыргыз эстрадасындагы этноырчы Гүлзада Рыскулова жана “Айкөл” тобу Кытайдагы кыргыздарга барып чыгармачылыгын тартуулашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-мартта ырчы айым билдирди.

Концерттер Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагындагы Артыш, Улуу-Чат, Ак-Тоо жана башка райондордо орун алды.

“Кытайдагы чыгармачыл кыргыз инсандар эки мамлекеттин маданияттык алакасын бекемдөө максатында алтын көпүрө боло турган "Маданият" арт-борборун ачышкан. Мына ушул иш-чаранын алкагында барып концерт койдук. Буга чейин Гүлжигит Калыков экөөбүз Үрүмчү шаарына барып келсек, бул сапар “Айкөл” тобу менен барып чоң сахналарында чыгармачылыгыбызды тартууладык. 

Боордош туугандарыбыз салттык музыканы сүйүп угушат экен. Чыгармачылыкты баалап аздектеген эл экенине кубандым. Меймандостук ошол жакта экенин айтсам ашыкча болбос. 2 апта бою түркүн тамак-ашына тоюп, жылуу мамилесин, кооз жерлерин көрдүк. 

Белгилей кетсем, ал жактагы туугандарыбыз биздин өлкөдө болуп жаткан жаңылыктардын баарынан кабардар экен. Жадакалса биз билбеген жаңылыктарды ошол жактан угуп жаттык. Аларды силердин порталдан окуп, жылдыздардын видеоинтервьюларын көрүп, кайсы жаңы ырчылар чыгып жатканынан кабар алып, ырларды угушарын билдиришти”,- деди Гүлзада Рыскулова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
banda-312
2015-03-18 16:55:25
Кытайда эл коп барат окшойт
0
jan78
2015-03-18 17:24:53
Айколдун жигиттери кантет. Бироосунун сакалы, бироосунун чачы эмне деген мода. Кичине жарашса олойун.кыргыздын жигити эмей эле эмнеге окшоп калышкан. Бироо аябай жарашат экен деп койгонго байкуштарга.
+1
amanatym
2015-03-18 17:30:12
jan78,ооба "страшный" экен тундо корсон журогун тушуп олосун го
0
karona
2015-03-18 17:38:40
jan78, адамды кулдуросун да, боорум эзилип калды.
0
alailyk-kyz
2015-03-18 20:14:53
кытайдагы кыргыз туугандарга би3 бул жактагылар уялбагыдай концерт койгулачы сураныч.
0
uulay
2015-03-19 00:30:56
Озунчо эле гужунпе болуп алышыптыр го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан