Ысык-Көлдө 4,5 миң бөтөлкөдөн ашык контрафакттык арак тартылып алынды

Ысык-Көл облусунун аймагындагы контрафакттык алкоголдуу продукцияларды сатуу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча салыктык көзөмөлдөө рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу 18-мартта Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө "Макколи" ЖЧКсына таандык болгон кампада коштомо кагаздары, эсеп-фактуралары жана ылайык келүү сертификаттары жок алкоголдук продукцияларды сактоо фактысы аныкталды. Бардыгы болуп 4746 бөтөлкө алкоголь алынды.

Материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн ишкананын катталган орду боюнча салык органына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан