
* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы кыргыз жана советтик театр, кино актрисасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры
Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген.
Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан. Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам - бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда данакер болгон болсо, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда да образ жараткан. "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямадагы кадыр түн" сыяктуу тасмаларда, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган.
Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Кыргыз КП (б) БКнын биринчи катчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер
Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Ал 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Ал 2 Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш жана башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Түндүк Осетиянын Владикавказ шаарынын борбордук базарында жарылуу болуп, 52 киши каза болсо, 300дөй адам ар кандай жаракат алган. 21-март бүткүл Орусия боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ал эми 2003-жылы 15-декабрда Түндүк Осетиянын Жогорку Соту 1999-жылы 19-мартта болгон терактка түздөн-түз тиешеси бар деп шектелген Адам Цуров аттуу жаранды өмүр бою күчөтүлгөн режимдеги колонияга эркинен ажыратса, Махмуд Темирбиев жана Абдурахман Хутиев аттуу кылмышкерлер 23 жылдан камалган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы АКШнын президенти
Жорж Буш Иракка каршы согуш баштоо тууралуу мыйзам чыгарган. Ал эми 20-мартта Америка Кошмо Штаттары эртең менен, Бишкек убактысы боюнча 7:30да Иракка каршы согуш баштаган. Өлкөнүн борбору Багдад шаарына кеминде 40 ракета атылып, көптөгөн 900 килограммдык бомбалар ташталган.