Бишкекте "Ботан жана Купидон" тасмасы көрсөтүлүүдө
Бишкекте "Ботан жана Купидон" аталышындагы комедиялык тасманын бет ачары өтүүдө. Ага тасма жаратуучулар, башкы каармандар жана комедия жанрындагы фильмдерди сүйүүчүлөр келишти. Тасманын режиссёру Нурлан Разакуловдун айтымында, фильм көрүүчүлөргө жазгы жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге сүйүүдө туруктуу болууга үндөйт. Башкы каармандардын образын Айбек Туратбеков, Тьерри Махасуру, Зулайка Эркимбаева, Каныкей Ринатова, Атай Кененбаевдер ачып беришкен.
"Ботан менен Купидон" комедиясынын бет ачары болду