Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында
11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү
тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сокулук
районуна караштуу Новопавловка айылындагы турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен аянты 40
чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чарба курулушунун чатыры толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Сузак
районуна караштуу Ат-Чабар айылында аянты 136 чарчы метр, жыгач устундуу, темир менен жабылган сарайдын
чатыры, 50 боо жүгөрү бакалы, 80 боо отун толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.