Майлуу-Сууда катардагы жоокер ур-токмоктон улам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-март күнү 30295-аскер бөлүгүндө (Майлуу-Суу) 1994-жылы төрөлгөн катардагы жоокер Сейитмуратов Шамбет Кайратбекович каза болгон. Алгачкы кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1993-жылы төрөлгөн катардагы жоокер Усманов Нургазы Камалдинович уктоочу жайга келип, Ш.Сейитмуратовду көкүрөк тушка урган. Катуу урулган муштумдун күчүнөн ал эсин жоготуп полго кулап түшкөн жана бөлүктүн медициналык пунктуна токтоосуз жеткирилген. Тез арада көрүлгөн жандандыруучу иш-аракеттер жыйынтык берген эмес. Мындан улам жоокерди шашылыш түрдө шаардык ооруканага жеткиришкенде врачтар тарабынан жашоонун токтогондугу тууралуу факт айтылган. Ошол эле учурда Н.Усманов камакка алынган.