Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен беш жаран кайрылган. Анда Татьяна аттуу айым алардын ишенимине кирүү менен чоң суммадагы акча каражаттарын алып, бербей жатканын айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы айым кармалды. Учурда ага карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүдө.