Кечээ, 18-март күнү саат 18:30га жакын Кыргыз улуттук аскер лицейинин окуу ротасында 3-курстун тарбиялануучулары А.Б. жана А.Анын (иликтөө аяктамайынча аттары толук көрсөтүлбөйт) ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Натыйжада тарбиялануучу А.А. А.Бнын көкүрөк жана кабырга тушуна бычак сайган. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда тарбиялануучу А.Б. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталды.