Бишкектеги мейманканалардын биринен Тажикстандын жаранын тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Тажикстандын жараны кайрылган. Анда белгисиз жаран ал жашап жаткан мейманканадагы бөлмөсүнөн 48 миң рубль, 100 доллар жана кымбат баалуу уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Чүйдүн тургуну кармалды.