Борбордо 5 адамдын унаасын "сатып берем" деп алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 5 жаран кайрылган. Анда жабырлануучулар Айбек аттуу жаран алардын ишенимине кирүү менен унааларын сатып берем деп алып, изин суутуп кеткенин айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.