Ат-Башы районунда мектепти оңдоп-түзөөдө аткарылбай калган иштер боюнча кылмыш иши козголду

Ат-Башы районунда мектепти оңдоп-түзөөдө аткарылбай калган иштер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 15-июлунда аталган райондун Кызыл-Туу айылындагы орто мектепте оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, анда “МУ” ишканасы жеңүүчү болуп табылган. Мындан улам ал ишканага 3 миллион сомдон ашык акча каражаты мамлекеттик казынадан которулган. Ал эми ноябрь айында 13 адамдан турган комиссия кабыл алып, оңдоо иштери бүткөндүгү боюнча акт түзүшкөн. Бирок прокурордук текшерүүдө 167 533 сомдук иштердин аткарылбаганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан