Чүйдө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян келтиришкен” деп шектелип жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылы Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 1,09 гектар жер тилкесин О.Б.Ч. аттуу жаранга 500 миң сомго сатышкан. Бирок текшерүүдө ал жердин рыноктогу наркы 10 миллион 885 миң сомду түзгөн. Мындан улам мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.