Ички иштер министрлигинин академиясында окуган курсанттын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.
Айта кетсек, 7-март күнү Ички иштер министрлигинин академиясында 1-курстун студенти өзүн жаман сезгендиктен "Тез жардам" чакыртылган. Бирок жарым саат ичинде "Тез жардам" айтылган жерге келген эмес. Мындан улам бир катар медициналык мекемелерге алып барышканда кабыл албай коюшкан. Курсантка убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, жандандыруу бөлүмүнө жатып калган. Ал эми 16-мартта ал каза тапкан.
“Бул факты боюнча комиссия түзүлдү. Эгерде медицина кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе, аларга тиешелүү жазалар берилет”,- деп билдиришти Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен.