Жылнаама, 20-март: Мындан 2 жыл мурун Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн

* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы КРнын Эл артисти, опералык ырчы Дарика Жалгасынова Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында туулган. Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондо Кыргыз опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган. Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталган.
  
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн. Ага соттук-тергөө экспертизасын өткөрүү үчүн адис Орозбай Колубаев жана эксперт Павел Берхтольд чакырылган. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбековдун сот процессинин катышуучуларына экспертке жана адиске суроо берүүсүнө тыюу салган. Бул текшерүүлөр айыпталып жаткан "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн көзгө атарларынын "Ак үйдүн чатырынан "Ала-Тоо" аянтындагы адамдарды атууга мүмкүн эмес, тиешелүү аймак 2-кабаттан гана көрүнөт" деген билдирүүлөрүнүн негизинде өткөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы орусиялык алып баруучу жана ырчы Лолита Милявская өзүнөн 11 жаш кичүү, 36 жаштагы спортчу Дмитрий Ивановго турмушка чыккан. Бул Лолитанын бешинчи никеси болгон. Ал эми Лолитанын үлпөт көйнөгү 20 000 еврону чапчыган. Бал айын ошол эле жылы июнь айында Малайзиядагы аралдардын биринде өткөрүшкөн.
20-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан