Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда май айында Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна даярдык көрүп баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, даярдыктын алкагында курама команда Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүп жатат. 15-мартта башталган машыгуу сбору 29-мартта жыйынтыкталат. Бул үчүн Олимпиада даярдоо борборунун эсебинен 456 миң сом каражат каралган.