Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды
13-февралда президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флорду кабыл алды. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тарапка тең кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. “Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсү үчүн биз Европа биримдиги менен биргелешип иштейбиз деп ойлойбуз”,- деди Атамбаев. Өз кезегинде Патрисия Флор Европа биримдиги Кыргызстандын демократияны чыңдоодогу күч-аракеттерин жогору баалаарын белгиледи. “Биз сиздердин өлкөнү Борбор Азиядагы жакшы мисал катары эсептейбиз”,- деди ал.