Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында кыргыз поэзиясынын классиги, залкар акын, котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган "Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Көргөзмөгө акындын китептери, башка тилдерге которулган жыйнактары, анын котормосу, ал жөнүндөгү илимий эмгектер, макалалар, гезит-журналдык материалдар, ага арналган кыргыз акын-жазуучуларынын ырлары коюлат. Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акындар, жазуучулар, илимдин, маданияттын кызматкерлери, студенттер, окуучулар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана окурмандар катышышат.