Бишкек шаарында дайынсыз делген окуучу кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Тынчтыкбек кызы Айдана 18-март күнү саат 07:30 чамасында үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын өзгөчө белгилери: бою 160-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көзү күрөң. Үстүнө жашыл күрмө, ак көйнөк, кара юбка жана кара бут кийим кийип жүргөн.
Бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү номурларга кайрылсаңыздар: (0312) 43-28-15, 0550 10-28-72, 0551 10-28-05.