Бишкекте Нооруз майрамына карата ат чабыш, эр эңиш боюнча мелдештер өтөт

Бишкектеги “Аккула” ат майданында эртең, 21-мартта Нооруз майрамына карата ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара салтанаттуу парад менен башталат. Ошондой эле көк бөрү боюнча уюшулган мелдештин финалы жана 3-орун үчүн болгон оюн да ушул күнгө туураланган. Финалда “Талас” жана “Сары-Өзөн” командалары ойносо, 3-орунду ИИМдин командасы менен “Бөрүлү” өз ара талашат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан