Тоң районундагы Ак-Терек айыл аймагынын мурунку башчысына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2008-жылы аталган айылдын мурдагы башчысы К.А. Бар-Булак тилкесиндеги өзгөчө коргоодогу 1 гектар жерди мыйзамсыз түрдө ижарага берген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.