Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине арналган "Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,/ Узак, узак, узак болсун бул сапар./ Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,/ Кайра кайтып, жолугушчу жолдор бар..." аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектаналиев, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, студенттер, окуучулар катышты.
Салтанат китепкана алдында тургузулган акындын эстелигине гүл коюу менен башталып, ачык асман алдында А.Осмоновдун ырлары окулуп, анын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылды. Расмий бөлүктөн кийин келген меймандар китепканада уюштурулган китеп-сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.