21-мартта түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +5°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +18°C, түнкүсүн +7°C
Баткен облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Бишкек шаары. Күндүз +16°C, түнкүсүн +4°C