Жылнаама, 21-март: Мындан 493 жыл мурун Осмон империясынын даңазалуу султаны Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан төрөлгөн

* Мындан 100 жыл мурун, 1915-жылы кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолой жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш ленинчил" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата Журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаны табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымдары чоң. Мыкты котормочу экендигин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж.б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драмаларды жараткан. Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын Ардак белгиси ордени менен сыйланган. 
Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.
 
* Мындан 493 жыл мурун, 1522-жылы Осмон империясынын даңазалуу султаны Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип, өзүнөн 22 жаш улуу Рүстөм пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстөм султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем каза болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы АКШнын Сан-Франциско шаарындагы эң белгилүү жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер мөөнөтүн өтөгөн Алькатрас түрмөсү жабылган. Түрмөнүн баштапкы орду аскер адамдары отурукташкан жер болгон. 1912-жылы ал жерге чоң түрмө курулуп баштаган. Алькатраста аскерий кылмышкерлер, гангстерлер, өзгөчө кылмышкерлер жана өлүм жазасына чектелгендер камалган. Андыктан тартип өтө катуу болгон. Түрмө жабылгандан кийин бул жай музейге айланган. Бирок эң катаал түрмө катары тарыхта калган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Конгонун Пуэнт-Нуар шаарына жакын жерде "Trans Air Congo" авиакомпаниясына тийиштүү төрт моторлуу Ан-12 учагы кырсыкка кабылып, калктуу пунктка кулап түшкөн. Кырсыкка учактын эки моторунун иштен чыгып калганы себеп болгон. Анда жалпысынан 23 адам каза болгон. Анын ичинде экипаждын 4 адам мүчөсү: Орусиянын жарандары Иван Панин, Николай Курятник (штурман), Леонид Жаворонков (бортмеханик) жана Казакстандын жараны Айтжан Айткалиев (экинчи учкуч) болушкан.
21-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chyngyz-KG
2015-03-21 06:38:48
дагы деле модабы турктордун тарыхы
0
nurik2103
2015-03-21 08:30:09
Гулзат Мамытканова ежебиз калтырбай корот окшойт бул кинону
0
AykaMer
2015-03-21 10:09:47
Турктордун тарыхы чынында эле даназалуу экен 493 жыл мурун болгон окуялар жана бул тарыхты дуйно жузу таанып бутту киносун коруп... Бизде андай кино тугул андай тарыхтын озу жок,анан эмнесин жазсын?! Ойлонбой эле суйлоп койдунар го отуруп алып...
0
nurik2103
2015-03-21 11:41:55
AykaMer, емнеге бизде андай тарых жок, wikipedia га кирип оку кыргызстандын тарыхын, керек болсо убагында азиянын жолборсу болуп турган барс кагандын убагында
0
st1m_
2015-03-21 16:34:28
AykaMer, Оз элиндин тарыхы жок деп тамтандабай китепти кобуроок оку. Тарыхы жок эл болчу беле.Турктор согушчул эл болгону менен киносундагыдай маданият тушуно да кирген эмес.Туркторго маданият кечээ кийин эле Ата Турк бийликке келгенде келген.А кыргыздар Кыргыз Каганаты кезинде бут дуйного улгу болгон эл болгон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан