Жылнаама, 23-март: Мындан 4 жыл мурун “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу англо-америкалык актриса Элизабет Тейлор кайтыш болгон

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы 5-чакырылыштагы "Республика" фракциясынан ЖКнын мурунку депутаты Урмат Аманбаева Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1983-жылы Ош соода техникумунун бухгалтер адистигин, 1987-жылы КМУУнун экономика факультетинен, 2005-жылы КМЮАнын юридика факультетинен билим алган. 2010-жылдын октябрында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2015-жылдын 23-январында Урмат Аманбаева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган. Ал КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган. Себеби Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп билдирген.
 
* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы япониялык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёру деп эсептелген Акира Куросава Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алган Акира 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, киного толук аралаша баштаган. Акирага кинонун сырын өздөштүрүшүнө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген. Режиссёр “Мас периште”, “Расемон”, “Жети самурай” фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган “Акмак”, Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган “Макбет”, Горький боюнча экрандаштырылган “Эң түптө”, Владимир Арсеньевдин “Дерсу Узала” чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет. Акира Куросава “Оскардан” тартып Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон. Акира Куросава 1998-жылы 6-сентябрда Токиодо инсульт дартынан улам 88 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы бортунда 53 кишиси бар АКШнын Douglas-124A аскердик учагы Атлантика океанынын үстүндө учуп баратып учактан чыккан өрттөн улам сууга конууга мажбур болгон. Ичиндегилер куткаруучу кайыктарга түшкөнү менен, жардам барган учурда учак да, кишилер да дайынсыз жоголуп кетишкен.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу англо-америкалык актриса Элизабет Тейлор кайтыш болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Анткени тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон. Андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен экен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат!" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн. Элизабет Тейлор "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) ж.б. тасмаларда кайталангыс ролдорду жараткан.
23-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан