25-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында балдардын жана мектеп театрларынын 7-республикалык фестивалынын ачылышы болот. Фестиваль Эл аралык театр күнүнө арналат.
Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалга Бишкек шаарындагы бир катар мектептердин театралдык жамааттары катышат.
26-27-март күндөрү өнөрпоздордун таланттары калыстар тобунун сынынан өткөрүлөт. 28-мартта фестивалдын жабылыш салтанаты орун алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.
Иш-чараны Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, өлкөдөгү Орусия кызматташтыгы жана Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры уюштурууда.