Кыргыз ырчысы Айыма Айылчиева биринчи жолу Казакстандын чоң сахнасында өнөрүн көрсөттү

Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчы Айыма Айылчиева Алматы шаарында казакстандык “Ордо” тобунун жеке концертинде өнөрүн көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Мирзада Майчинова бүгүн, 23-мартта билдирди.

“Айыма бизди концерттин алдында убайымга салды. Үн байламтасын үзүп алып ооруканага түшүп, бир түн тамчылатма дары кабыл алды. Эртеси концертке катышарын билдирди. Тырышчаак, көк бет кызды бул оюнан кайтаруу мүмкүн эмес эле. Казакстандын чоң сахнасында биринчи жолу өнөрүн көрсөткөн Айыманы көрүүчүлөр жакшы колдоп тосуп алышты. Анын жаратып жаткан ийгилигине ата-энеси, достору бирге кубанып жатабыз”,- деди толкунданган М.Майчинова.

Кыргыз ырчысы Айыма Айылчиева биринчи жолу Казакстандын чоң сахнасында өнөрүн көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bossmos7
2015-03-23 15:04:28
Алга !
0
Qnet
2015-03-23 15:29:30
Азамат,ушундай темпте кетсен Кыргызстанды далай жерлерге таанытасын деген ишеничтемин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан