Борбор калаада буту менен сүрөт тарткан Төлөн Жумагуловдун жеке көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы соода түйүндөрүнүн биринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Төлөн Жумагуловдун жеке көргөзмөсүнүн ачылыш аземи орун алды. Көргөзмөдө буту менен сүрөт тарткан таланттуу сүрөтчүнүн 50гө жакын эмгеги орун алды. Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөтчүнүн жашоосун баяндаган даректүү тасма эл назарына коюлду. 

Төлөн мырза алгачкы жолу уюштурулуп жаткан жеке көргөзмөсүнө келини Айзат Шакиева менен келди. Башкы кыялынын бири орундалып жатканына сүйүнгөн ал уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип өттү. Жүрөгүндө сүйүү жашаган адам бактылуу экенин белгилеп, кайгылуу кыргыз тасмаларын көргөндү жактырарын айтты.

"Кайнагам шал оорусу менен төрөлүптүр. Дарыгерлер "бул бала адам болбойт, ийне сайып өмүрүн токтотуп коёлу" деп сунушташыптыр. Тогуз ай көтөрүп, толготуп төрөгөн баласын эне кантип кыят? Алардын сөзүн четке кагып кайненем кыйналса да багып чоңойтуптур. Бой жетип, балдар үйүндө тарбияланган кызга үйлөнгөн. Жубайы өпкө оорусунан каза болуп калган. Алардын ортосунда Муслим аттуу уулу бар. Ал 24 жашта, ден соолугу жакшы.  

Ак-Ордо жаңы конушунда кичинекей үйү бар, ошондо турушат. 2003-жылы биринчи жолу шаарга биздикине келип, баш калаада отурукташып калды. Ошол жылдан бери жер алдындагы өтмөктө отуруп сүрөт тартып тамак-ашын табат. Жадакалса жалгыз баласынын окуу акысын төлөп жогорку билимдүү кылды. Бизге дагы жардам берип турат. 

Негизинен портрет жанрындагы сүрөттөрдү көп тартат. Көргөзмө өткөрүү кайнагамдын башкы кыялдарынын бири эле. Аны ишке ашырууга көмөк көрсөткөн жаштарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин агабыздын эркин, оңой эмес тагдыр менен күрөшкөнүн көрүп, жашоого нааразы болгон дени сак адамдар сабак алышса дейм",- деди Айзат Шакиева.

Белгилей кетсек, көргөзмө Жаштар институту тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду. 

Буту менен сүрөт тарткан Төлөндүн тагдыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bektur2
2015-03-23 18:22:22
Жараткан АЛЛА денсолугуна кубат берсин жалгыз баласын ыймандуу кылсын. Алты саны аман адамдар кайыр сурап тапканын ичип салып эле жалдырап журушбойбу ал алкаштарга бергиче Толон братка окшогондорго кайрымдуу болгула жаштар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан