Жылнаама, 24-март: Мындан 15 жыл мурун Кыргыз ССРинин Эл артисти, актёр Советбек Жумадылов каза болгон

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи калк каттоо жүргүзүлгөн. Калк каттоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында 4 миллион 852 миң 400 адам жашагандыгы белгилүү болгон. Кыргыз өлкөсүнүн негизги калкын кыргыздар түзүп, экинчи орунда өзбектер турса, ал эми СССР мезгилинде экинчи орунда турган орустар үчүнчү орунга түшкөн.
 
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон. 
Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көлдүн Түп районундагы Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн. 1953-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. 
Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. С.Жумадылов өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарып, кинофильмдерде да эң сонун образдарды түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы дүйнөлүк кинематографиянын шедеврлеринин бири “Крёстный отец” тасмасынын бет ачары болуп өткөн. Бул тасманы тартууга жалпысынан 6 миллион доллар сарпталса, прокаттан 268,5 миллион чогулткан. Ал эми жетишкендиктери тууралуу айта турган болсок, үч номинация боюнча "Оскар" сыйлыгына арзып, андан башка 19дан ашуун ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы украиналык ырчы Гайтана Украинанын Киев шаарында төрөлгөн. "Гайтана" деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо "күчтүү", "улуу" дегенди билдирет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы болгон. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган. 1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келет. Ошондон тарта атасы телефон аркылуу гана кызы менен сүйлөшүп турганы болбосо, бир да жолу басып келген эмес. 
"Эң мыкты" ("Самый лучший"), "Сагынам" ("Скучаю"), "Жакыным" ("Нет родней"), "Асман" ("Небо") аттуу ырлардын аткаруучусу Гайтана 12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта чыгармачыл жашоого аралаша баштаган. Жергиликтүү "Альтана" деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алган. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы "Сен жөнүндө" ("О тебе") аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришкен. Жаңы ырларды биринин артынан бирин жаздырып, Украина менен Орусияда жылдызы жана баштайт. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң гана сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес. 
2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык "Евровидение" сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 упай топтоп, 15-орунга араң илинген.
24-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akmosha
2015-03-24 12:32:23
Советбек Жумадылов эн сонун актёр болчу.Мыкты образдарды жараткан.Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан