Бишкек шаарында "унааларды тоногон" деп шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын унаасынын айнегин талкалап, ичиндеги буюм-тайымдарын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалган. Ошондой эле анын ушул сыяктуу 4 фактыга катыштыгы бар экени аныкталган.