Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин 80 жаш кутман курагы белгиленди

23-мартта Бишкекте, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Кыргыз Эл жазуучусу, адабият таануучу, театр жана кино режиссёру, котормочу Мар Байжиевди 80 жаш кутман курагы менен куттуктоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Залкар инсанды КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, орун басары М.Бектеналиев, театр жана кино ишмерлери куттукташты. Министр Мар Байжиев жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилесе, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз жазуучунун ишмердүүлүгүнө, кажыбас кайратына кеңири токтолду. 

Жолугушууда Мар Байжиевдин кыргыз адабиятына, театр искусствосуна, киносуна сиңирген опол тоодой эмгеги, эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы, режиссёрлук таланты тууралуу сөз болуп, жазуучунун өмүрү да, чыгармачылык жолу да кыргыз элине өрнөк экени айтылды. Улуу инсандын 80 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде театр, кино, музыка багытында жыл бою белгиленет.

Кыргыз Эл жазуучусу, адабият таануучу, театр жана кино режиссёру, котормочу Мар Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин, Москва шаарындагы сценаристтер жана режиссёрлордун жогорку курсун аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
airwater
2015-03-24 10:31:51
Ушундай улуу инсандын 80 жылдыгын 1 м столго 2 конфет коюп, 3-4 киши баруу менен чектелептир. Башталышы жакшыыы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан