"Үмүт" жаштар киносунун III форуму жыйынтыкталды

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Ч.Айтматов атындагы Кино департаментинде "Үмүт" жаштар киносунун III форуму жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – режиссура багытында жаңы ысымдарды жаратуу, таланттуу жаштарды колдоо, кино адистерин даярдоочу жогорку окуу жайлар менен кызматташуу. Мындан тышкары форум жаш кыргыз режиссёрлорунун тасмаларын улуттук жана эл аралык фестивалдарга катыштырууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.

Форумдун ишин жыйынтыктоо үчүн калыстардын 4 тобу иш алып барды. Ага ылайык, "Мыкты оюн тасмасы" номинациясы боюнча Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" аттуу фильми аталды. Экинчи маанидеги "Үмүт" байгеси Айнура жана Элнура Чанчарбаевалардын "Мечта" жана Асан Жанталиевдин "Лифт" тасмаларына бөлүндү. Атайын байге Таберик Юсуповдун "Жума" жана Тынчтык Абылкасымовдун "Синдром" тасмаларына ыйгарылды. "Интервью" тасмасынын мыкты операторлук иши үчүн Керим Касымалиев сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан