Баткен районунун Бужум айылында турак үйдүн чатыры күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 23-мартта саат 12:54 чамасында катталган. Анын кесепетинен турак үйдүн 48 чарчы метр чатыры күйүп кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгышына үй ээси Ж.Сыдыкованын атайылап өрт койгону себеп болгон.