Майлуу-Суу шаардык маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн кызмат адамдары документтерди жасоо аркылуу шаардагы музыкалык мектептин кызматкерлери үчүн төлөнүүчү 217 миң сом акча каражатын менчиктеп алышкан. Учурда бул факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.