Кыргыз эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев Нарын шаарында жеке концертин берди

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Академиялык драма театрында кыргыз эстрада ырчысы, "Жаным, ай", "Ананайын", "Садагам, сени сүйөмүн", "Аясаң боло" аттуу ырлардын аткаруучусу Алмаз Шаадаевдин жеке концерти орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы бүгүн, 24-мартта билдирди.
Ырчынын жеке концертин Азамат Шералиев алып барса, ырчылар Илгиз Абдалиев, Тынчтыкбек Айылчиев да ыр сунушту. Ошондой эле Расул Шерикбаев комуз чертип өнөрүн тартуулады.
"Менин тушоо кесүү концертим дал ушул театрдын сахнасында 2012-жылы орун алган. Нарын жергесинде биринчи жолу жеке концертимди өткөрүп жатканым бекеринен эмес эле, себеби өзүм Нарындын кулунумун. Ат-Башынын Кара-Суу айылынан болом. Ушул жердин суусун татып, абасын кере жутуп чоңойгом. Жердештеримдин батасын алып чоң сахнага кадам таштаган элем. Ал эми бул жолку концертимди Нооруз майрамына арнап койдум. Кечем аншлаг менен өттү. Концерт 3,5 саатка созулуп, күйөрмандарым жакшы кабыл алышты. Учурда жаңы ырларды жаздырып, репертуарымды кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатам. Белгилей кетсем, чет өлкөгө чакыруулар да көп болууда, жакында Орусияга барып чыгармачылыгымды тартуулап келдим",- деди А.Шаадаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
make2
2015-03-25 00:27:55
Мындай ырчыны ким тааныйт? Эчкимге кызыгы жокко
0
admin_portal
2015-03-25 10:56:54
deva, саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо же сунуштарыңыз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүп жүрсөңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан