
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы
Бактияр Токторов Лейлектин Коммунизм айылында туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган.
Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин Фрунзе политехникалык институтуна тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин "биздин ырлар" деп жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн. "Биз" тобу 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" наамынын ээси болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы өлкө ичиндеги 6 жаза өтөөчү мекеме: Чүйдөгү №1, 5, 8, 16, Оштогу №3 жана Жалал-Абаддагы №10-абакта отургандар массалык ачкачылык башташкан. Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев "жазасын өтөп жаткандар уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү тынбай кармалып жатканына нааразы болуп жатышканын, мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган, издөөдө жүргөн Камчы Көлбаев турат" деп маалымдаган. Бул акцияны балдар колониясы (Вознесеновкада), аялдар колониясы (Степное) жана Нарын шаарындагы 4-СИЗО колдогон эмес.

* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы англиялык рок-ырчы, пианист жана композитор
Элтон Жон Англиянын Пиннер аттуу жеринде туулган. Элтон Жон жеңил роктун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 50 жылдык карьерасында ырчы 250 миллиондон ашык пластинкасын саткан. Ал "Rolling Stone" журналынын версиясы боюнча улуу ырчылардын тизмесинен 49-орунду ээлейт. Чыгармачылыктан сырткары коомдук ишмер катары да белгилүү. Ырчынын жеке мүлкү 265 миллион АКШ доллары деп бааланса, жашоосунда ал 1 миллиарддан ашык долларды кайрымдуулукка жумшаган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы аргентиналык Херман Моро баштаган казына издөөчүлөр Эквадордун жээгинде 1654-жылы чөгүп кеткен испан кемесин таап алышкан. Эксперттердин айтымында, анда бир канча миллиард долларга бааланган алтын менен күмүш бар болгон.