Орусиянын Челябинск облусунда “Мекендештер” кыргыз улуттук маданият автономиясы кыргыз элинин каада-салтын жана ырым-жырымын сактаганы үчүн сыйланды. Бул тууралуу 24-мартта “Замандаш” ассосациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Нооруз майрамын белгилөө алкагында көркөм өнөр жамааты бийлерин көрсөтүп, улуттук тамак-аштар, улуттук кийимдер боюнча сынак уюштурулган. Анда “Мекендештер” кыргыз улуттук маданият автономиясы Челябинск облусунун Элдик ассамблеясынын жана Челябинск администрациясынын сыйлыгына ээ болду.