Бишкекте балдар театрынын республикалык фестивалынын ачылыш аземи өтүүдө

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында балдар театрынын 12-республикалык фестивалынын ачылыш аземи өтүүдө. Салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү, театрдын артисттери, калыстар тобу катышууда. Иш-чара алгач көзү өтүп кеткен театр чеберлерин эскерүү менен башталды. Андан соң аземдин катышуучулары кичинекей артисттерге ийгилик каалашты. Иш-чара өнөрпоздордун концерттик программасы менен улантылууда.

Белгилей кетсек, фестиваль балдардын талантын өнүктүрүүгө багытталган. Бул жылы аталган фестиваль Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды. Ага мектептердин алдында түзүлгөн чыгармачыл жамааттар катышат. Алар кыргыз, орус тилинде даярдашкан элдик жомокторду, спектаклдерди коюшат.

26-27-мартта балдардын чыгармачылыгын калыстар тобу баалашат. 28-мартта фестивалдын жабылуу аземинде жеңүүчүлөргө ар түрдүү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан