Жалал-Абад. Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин элесине арналган тарыхый драма коюлат

Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын чыгармачыл жамааты Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай жана Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине карата "Тукубай баатыр" аттуу 3 көшөгөлүү тарыхый драмасын тартуулайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан бүгүн, 25-мартта билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган чыгарма Ооганбек Стамбековдун калемине таандык. Аны дасыккан режиссёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев коёт.

“Бул тарыхый драманы сахнага алып чыгуу мен үчүн да, актёрлор үчүн да жогорку жоопкерчиликти, талыкпаган мээнетти талап кылат, бул мен үчүн сыймык. Драмада 23 кейипкер жана массовкага ондой адам катышат. Ошондой эле Латвиянын Рудзена шаарында немистин эң күчтүү, ишенген батальону турган жайга чалгынга барган он бир жоокердин арасында радист бир кыз болот. Тайгараевдин өмүр баяны, жасаган эрдигин жакындан билүү максатында алгач интернет булактарынан, китептерден маалымат чогултуп, өзү туулуп-өскөн Кулубай уулу айылындагы үй-музейине барып, ага багыштап куран окуп, ал жердеги далилдүү документтер менен таанышып келдим”,- дейт Б.Жумалиев.

Ал эми театрдын башкы сүрөтчүсү Жанаргүл Өмүрзакова: "Азыркы күндө ошол согуш жылдарындагы  жоокерлердин, немис офицерлери менен Советтик Армиянын офицерлеринин кийген кийим-кечелеринин, колдонгон курал-жарактарынын сүрөттөрү чийилип, жасалып жатат. Сахна жасалгасынын да эскиздерин ойлонуп жатабыз. Бул оңой жумуш эмес. Айрыкча бул спектаклди коюуда акча каражаты керек болот, андыктан өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүнө, шаардын мэрине жана шаардык кеңештин төрагасы менен депутаттарга кат жаздык. Ошол биз сураган акча каражатын бөлүп берсе, биз кийим-кечелерди, спектаклге керек болчу буюм-тайымдарды өзүбүздүн тигүү цехинен тиктирип, курал-жарактарын жасата баштамакпыз. Биздин шаардан чыккан баатырга кыргыздын намысын ойлогон, арбагын сыйлаган депутаттарыбыз, жеке ишкерлерибиз кол куушуруп отурушпай, демөөрчүлүк колдорун созсо керек деп ойлойм",- деген оюн айтат.  

Аталган театрдын директорунун орун басары Конокбай Курманбеков буларды кошумчалады: "Чындыгында, бул оор иш, бирок бул драма коюлууга тийиш. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесинен жана Т.Тайгараевден эч ким аянбаса керек. Эл-жери үчүн кан-жанын аябай, өлүмгө тике караган биздин тайманбас, эр жүрөк баатырларыбыздын эрдиктери жаш муундарга үлгү болуусу абзел. 

Советтер Союзунун Баатырлары Ч.Түлөбердиевди, Д.Шопоковду элибиз кандай аздектеп эскерип турса, биз да Т.Тайгараевдин көрсөткөн эрдигин эскерип, ар кандай спорттук таймаштарды, эскерүү кечелерин, кубокторду өткөрүп турууну эстен чыгарбасак, бул келечек муунду тарбиялоого баа жеткис окуу-көрсөтмө курал болмок. Эң маанилүү-маңыздуу жерин баса белгилеп айтып койчу нерсе, казак эли энчилеп жүргөн  баатыр Т.Тайгараевди казып жүрүп канча деген далилдүү документтер менен кайра кыргыз элине кайтарып берген, чыныгы кыргызым деп күйүп-жанган улуу инсан Шабданбай Абдраманов агайыбызга башыбызды ийип таазим кылышыбыз керек",- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан