Жогорку Кеңеш: "2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" делген Конституция күзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдын долбоору даярдалды. Күзүндөгү парламенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, Баш мыйзамдын өзгөртүлгөн вариантын кабыл алуу сунушталууда. 

Конституцияны өзгөртүү сунушу улам-улам көтөрүлүп келгени менен (негизинен оппозициячыл саясатчылар тарабынан), олуттуу мүнөзгө ээ боло элек эле. 

Авторлордун айтымында, Конституцияга айрым гана өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы каралган. Мисалы, жаңы долбоорго ылайык, Жогорку Соттун төрагасы жана орун басарлары президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Азыркы Конституция боюнча, Жогорку Соттун төрагасы судьялардын арасынан шайланат жана талапкерди Судьялар кеңешинин мүчөлөрү шайлашат.

Президент төрагалык кылган Коргоо кеңеши мурункудай Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүлөт. 

Жаңы долбоордо Жогорку Кеңештин депутаттарына тийиштүү нормалар да каралган. Мисалы, парламент депутаты премьер-министр болуп шайланса, депутаттык мандатынан айрылбайт. Ал өкмөт башчы болуп турган учурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулуп турат. Өкмөт башчыга жергиликтүү мамлекеттик бийлик башчыларын кызматтан алуу укугу берилет. Азыркы Баш мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин макулдугусуз өкмөт башчы аларды кызматтан бошото албайт.

Жогорку Кеңештин депутатын партиянын же фракциянын сунушу менен фракциянын курамынан чыгаруу, аны менен кошо мандатынан ажыратуу нормасы киргизилүүдө. 

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров жаңы долбоор боюнча SUPER.KG порталына буларды билдирди: 

"Мыйзам долбоорун фракция лидерлери талкуулап жатабыз, айрым пункттар кошулушу же алынышы мүмкүн. Конституцияга өзгөртүү киргизүү - учурдун талабы. Премьер-министрдин, депутаттын ыйгарым укуктары тууралуу маселе коюлууда. Конституцияга өзгөртүү киргизүү, аны күзүндө референдумга коюу демилгесин башында Феликс Кулов көтөрүп чыккан, кийин бардык фракциялардын лидерлери, мунун ичинде Өмүрбек Чиркешович (ред. Текебаев) да макул болду. Сүйлөшүүлөр аяктаса, фракциялар корутунду чыгарып берет. Мыйзам долбоорунун автору парламенттеги 5 фракциянын лидерлери болот".

Башкы документти өзгөртүүнү жактагандардын бири экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин буларды билдирген: 

"Азыркы Конституцияны өзгөртмөйүнчө өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт. Анткени азыр жоопкерсиздик, туура эмес иш үчүн эч ким жооп бербейт. Бүгүнкү Конституция өз миссиясын аткарып бүттү. Биз башкаруунун эки формасын сунушташыбыз керек. Парламенттик башкарууну тандасак, анда Германияны алалы. Премьер-министр ички-тышкы саясатты жүргүзөт. Президенттин таасири болбойт. Эгер президенттик башкарууну тандасак, анда Американын моделин алалы. Жоопкерчилик президенттин моюнунда, премьер-министр болбойт”.  

Бирок сунушталып жаткан жаңы долбоордо мындай кескин өзгөртүүлөргө баруу чаралары каралбаганы айтылды. 

Эскерте кетсек, азыркы Конституция 5 жыл мурун 2020-жылга чейин өзгөртпөө жобосу менен кошо кабыл алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан