
* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук киноакадемиянын академиги жана КРнын Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү
Актан Арым Кубат Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган.
Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргызфильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу продакшн-студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Анын тасмалары эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон. Мисалы: "Маймыл" (2001-жыл) Канн эл аралык кинофестивалында сынактан сырткары расмий "Өзгөчө көз караш" программасына катышып, Ялтада эл аралык кинофестивалдын баш байгесин, Анападагы эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты сценарий" сыйлыгын, Минскте өткөн эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура" сыйлыгын, Португалияда Эл аралык "Фестройа" кинофестивалында калыстар тобунун "Күмүш дельфин" сыйлыгын, Братиславада эл аралык кинофестивалда кино сынчыларынын эл аралык калыстар тобунун сыйлыгын алган.

* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы аз убакытта жүз миңдеген компьютерге тароочу касиетке ээ
“Мелисса” вирусу пайда болгону катталган. Вирустун пайда болгонунан бир жума өткөндөн кийин америкалык полиция тарабынан ал вирустун жаратуучусу, 34 жаштагы
Дэвид Смит кармалган. Дэвид Смит вируска түнкү клубдардын биринде иштеген тааныш кызынын атын ыйгарган. Нью-Йорктун соту бул кылмышы үчүн Дэвид Смитти 20 айга кесип, 5 миң доллар айып пул салган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту
Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыратып, мүлкү конфискациялансын деген өкүм чыгарган. Аны "2007-жылы Ысык-Көл облусундагы "Витязь" пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган, мындан мамлекетке 124 миллион сомдук зыян келтирилген", "Түндүк электр" ишканасын 136 миллион долларга сатууга аракет кылган" деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табышкан.
* Мындан 202 жыл мурун, 1812-жылы Венесуэлада катуу жер титирөөнүн айынан Каракас шаарынын 90 пайызы кыйрап, 20 миңге жакын адам курман болгон.