22-февралда Ош шаарында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык мекемесинин Кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өтөт. Иш чаранын максаты - аталган шаардын тургундарын дени сак жашоого чакыруу экенин айтышат уюштуруучулар. Айта кетсек, аталган мекеменин курамына Орусия, Кытай, Казакстан өлкөлөрүнүн башкы консулдуктары, КМШнын алты агенттиги, төрт эл аралык уюм жана 5 өкмөттүк эмес эл аралык уюм кирет.