Кыргыз эстрадасынын ырчысы, обончу,
"Айылыма баргым келет",
"Сени гана издедим", "Бала чак" аттуу ырлардын аткаруучусу
Таалайбек Тойчуев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы
SUPER.KG порталына бүгүн, 26-мартта билдирди.
"Нооруз майрамынын алдында Маданият министрлигинин өкүлдөрү төш белгини тапшырышты. Бул менин жашоомдогу эң биринчи мамлекеттик сыйлыгым. "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы чыгармачыл адамдарга чоң стимул болот экен",- деди толкунданган Т.Тойчуев.