15-февралда Бишкекте Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондунун имаратында Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн алгачкы маалымдама китебинин ачылыш аземи болот. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Мындан сырткары бул күнү КРнын Сүрөтчүлөр биримдигинин жаштар канатындагы “Тарт” чыгармачыл тобунун эмгектери жана сүрөтчү Владимир Горовойдун сүрөттөрү коюлган көргөзмө боло турганы да маалымдалды.