
* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы кардиолог жана коомдук ишмер
Мирсаид Миррахимов Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) бүтүргөн. Факультеттин терапия кафедрасында клиника ординатору, пропедтерапия, факультеттик терапия кафедраларынын башчысы, КММИнин илимий иштери боюнча проректору болуп иштеген. 1978-жылдан тартып Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунун директору болгон.
700гө жакын илимий эмгектери, анын ичинен 23 монографиясы, 500гө жакын илимий макалалары жарык көргөн жана 19 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги менен 100гө жакын илимдин докторлору жана кандидаттары диссертацияларын жакташкан.
Мирсаид Миррахимов Кыргыз улуттук илимдер, Орусия медициналык илимдер жана Нью-Йорк академияларынын академиги, Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген врач, Илим жана техниканын эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын ээси, СССРдин саламаттык сактоосунун отличниги, КРнын билим берүүдөгү отличниги жана Социалисттик Эмгектин Баатыры. Анын ысымы Эл аралык Ардак китептерине кирген. Мирсаид Миррахимов 2 Ардак белгиси, 2 Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, III даражадагы Манас ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Улуттук кардиология борборунун негиздөөчүсү, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 2008-жылы 2-октябрда 81 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 5-октябрь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери
Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси, партиянын активисти жана Жалал-Абад облусу боюнча координатору
Асылбек Текебаев 51 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнөдөн кайткан. Асылбек Текебаев коомчулукка Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин коррупциялык режимине каршы күрөшкөн адам катары таанылган. Маркумдун сөөгү өзү туулган Базар-Коргондун Акман айылына коюлган.

* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы америкалык кинорежиссёр, сценарист, актёр, кинопродюсер жана кинооператор
Квентин Тарантино АКШнын Теннеси штатындагы Ноксвилл шаарында туулган. Тарантинону 2 жашынан тартып өгөй атасы тарбиялаган. 8 жашынан баштап бир дагы кинону калтырбай көрүп, кинотеатрдан чыкчу эмес. 15 жашында мектепти таштап, өзү бейиш деп атаган жергиликтүү телеканалдын видеоархивине жумушка орношот. Андан соң Голливудга барат. Бирок режиссёр катары эмес, тасма талааларын тазалоочу катары. Кийинчерээк сценарий жазып сатып, акчасына аз бюджеттүү “Кутурган иттер” тасмасын чыгарган соң Тарантино өзүн режиссёр катары эсептей баштаган.
Квентин Тарантинонун эң көрүнүктүү эмгектери: “Кутурган иттер”, “Биллди өлтүрүү”, “9-ярд”, “Күн баткандан таң атканга чейин” ж.б.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы планетанын туңгуч космонавты
Юрий Гагарин авиакырсыктан каза болгон. Ал күнү эртең мененки 10дон 19 мүнөт өткөндө МиГ-15 абага (4200 м бийиктикке) көтөрүлгөн. Анда Ю.Гагарин менен командир, учкуч-инструктор В.Серёгин учкан. Учак эки жолу жарым сааттан айланып учмак. Бирок 11 мүнөттөн кийин эле Юрий Гагарин "тапшырма аткарылды, конууга уруксат бергиле" деп артка кайткан. Бирок ошол жерден эле түз жерди карай катуу ылдамдык менен келип (685 км/мүн.), жерге урунган.

* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы америкалык ырчы, актриса
Мерайя Кэри АКШнын Лонг-Айленд шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчынын ата-энеси музыкага жакын адамдар болгондуктан, кызынын атын дагы ошол кездеги популярдуу "Мерайянын шамалы жана чакырыгы" аттуу ырдан улам коюшкан.
Апасы Патрисия жаш кезинде опера ырчысы болгон. Атасы Альфред Рой Кэринин канында африкалыктардын да, америкалыктардын да каны бар. Альфред вокалдан сабак берген. Мерайя 4 жашынан тарта ырдай баштаган. Ал эми 10 жашында ыр жазууга өткөн. Ошентип, Мерайя кичине кезинен эле ырчы болууну тилек кылып өсөт. Кичинекей карындашынын талантына ишенген Морган анын ырчы болуу тилегин колдогон. Апасы Патрисия кызынын үнүнүн жакшы калыптанышы үчүн кам көргөн. Ырчылыкты алдына максат кылып алган Мерайя Кэри 17 жашка толгондо ырчылык карьераны көздөп Нью-Йорк шаарына келген.